Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жаңы жылды майрамдоо учурунда күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты. Маалыматка караганда, 31-декабрда өлкө боюнча 800 дөн ашык өрт-куткаруу кызматындагылар, 160 атайын техника, 129 өрт өчүрүүчү жана 21 куткаруу унаасы иштейт.
Ошондой эле чукул кырдаал болгондо жарандар 112 номуруна чалып, кабарлай алышат. (BkA)