Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:28

Бишкек мэрин шайлоо 11-январда өтөт


Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов.
Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо 11-январда өтөрүн Борбордук шайлоо комиссиясы аныктады. БШКнын мүчөсү Алмаз Асаналиевдин айтуусунда, шайлоону уюштурууга даярдык көрүү боюнча Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына тапшырма берилди. Бишкек мэрин шаардык кеңеш депутаттары шайлайт.

Кыргызстанда жергиликтүү шайлоо 11-декабрда өткөн. Бишкек шаардык кеңешинин жаңыдан шайланган депутаттары 29-декабрда мандат алып, бүгүн алгачкы жыйынга чогулду. Анын жүрүшүндө КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалиция түзгөн. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары оппозицияда калган.(BkA)

XS
SM
MD
LG