Аба ырайы:
31-декабрда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен областарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6.
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12.
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 1…6.
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7.
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7.
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус жылуу.
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -5…-10 суук.
31-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаабайт. Күндүз туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -4…-6° суук, күндүз 3…5° жылуу болот.