Кыргыздын таланттуу эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев орусиялык “Голос” ("Аваз") долбоорунда үчүнчү орунга ээ болду. Бул долбоордун жыйынтыктоочу сынагы 30-декабрь түнү өттү. Анда Кайрат көрөрмандардын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында жеңишке эки кадам жетпей, үчүнчү орунду алды.
Сынакка катышкан Дарья Антонюк биринчи орунду ээлесе, экинчи орунга Александр Панайотов чыкты.
Финалдык сынактын жүрүшүндө Кайрат Примбердиев алгач долбоордогу насаатчысы Дима Билан менен "Trouble” ("Көйгөй") аттуу ырды аткарды. Экинчи баскычта Примбердиев ”Как молоды мы были” ("Ошол жаш кезибиз ай!") аттуу чыгарманы , ал эми үчүнчү аракетинде - англис тилиндеги “Unchain My Heart” ("Жүрөгүмдү чидерден чыгарчы") деген ырды ырдады.
Орусиянын Биринчи каналында көрсөтүлгөн “Голос” ("Аваз") долбоору талантуу ырчыларды табуу максатында уюштурулган. Кайрат Примбердиев бул долбоорго катышкан жана финалга чейин жеткен биринчи кыргыз ырчысы болуп калды. (BkA)