Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

“Кумтөр голд” 2017-жылы кенди иштетүүгө уруксат алганын жарыялады


Бул тууралуу Кумтөр кенин иштеткен “Центерра Голд” компаниясы кабарлады. Анда “Центеррага” караштуу “Кумтөр голд” кенди 2017-жылы иштетүүгө керек болгон бардык уруксаттарды алып, пландарды макулдашканы айтылат. Ошондой эле борбордук карьер жана Сары-Төр участкасында өндүрүштүк коопсуздук, экологиялык экспертизаны да өткөргөнү кабарланды.

“Мындай жол менен Кумтөр 2017-жылга тоо кен иштерин аткарууга керектүү бардык уруксат жана долбоорлор боюнча макулдашууларга ээ болду” деп жазылган “Центерранын” маалыматында.

Ысык-Көлдөгү Кумтөр алтын кенин кыргыз өкмөтү канадалык "Центерра" компаниясы менен бирге иштетет. Бул кендин айланасында талаш 2011-жылдан бери уланып, кыргыз өкмөтү менен “Центерранын” ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай келет. Быйыл жайында келишимдердин мыйзамдуулугун жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо тапшырмасы берилген.(BkA)

XS
SM
MD
LG