Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев абактан бошотулду


Элмурза Сатыбалдиев
Элмурза Сатыбалдиев

Мурдагы баш прокурор, Апрел окуясы боюнча соттолгон Элмурза Сатыбалдиев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Мындай маалыматты анын жакындары ырасташты. Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев абак мөөнөтүнүн үчтүн экисин өтөп бүткөнү үчүн эске алынып мындай чечим чыгарылган.

Элмурза Сатыбалдиев мурдагы бийлик учурунда баш прокурор, кийин президенттин кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал 2010-жылдагы Апрел окуясында тынч жарандарга ок атууга күнөөлүү деп табылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Сатыбалдиев жана бир нече адам Адам укугу боюнча жалпы декларациянын 65 жылдыгына карата берилген мунапыска илинип, бирок Республикалык Аскер соту бул чечимди кийин жокко чыгарган.(BkA)

XS
SM
MD
LG