АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путиндин америкалык дипломаттарды өлкөдөн чыгарбоо боюнча чечимин кубаттады. Бул тууралуу Трамп Твиттердеги баракчасына жазып, Путиндин кадамын “абдан жакшы жүрүш” деп атады.
Жума күнү орус президенти Владимир Путин Кошмо Штаттардын дипломаттарын Орусиядан чыгарбоо чечимин кабыл алганы айтылган.
Вашингтон АКШдагы президенттик шайлоо мезгилинде киберчабуулдарга байланыштуу Орусияга жаңы санкцияларды 29-декабрда жарыялады. Ага ылайык Мэриленд жана Нью-Йорктогу орус дипломаттары колдонгон эс алуу жайлары жабылып, Орусиянын 35 өлкөдөн дипломаты чыгарылышы керек. Мындан соң орус бийлиги АКШнын бул кадамына жооп берери айтылган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров америкалык 35 дипломатты чыгарып, Москвадагы эс алуу жайы жана кампасын колдонууга тыюу салууну сунуштаган эле.