Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:45

Босниядагы сербдердин лидери суракка келди


Милорад Додик
Милорад Додик

Босниядагы Сербдердин лидери Милорад Додик мыйзамсыз референдум өткөрүп, өлкө Конституциясын бузганы үчүн сурак берүүдө. Босния жана Герцеговинанын прокуратурасы Додикти үч ай мурун суракка чакырып, бирок ал коопсуздугунан чочулап Сараевого баруудан баш тартып келген. Ал өздөрүн Серб республикасы делген аймакта гана сурак берерин билдирген эле. Бирок 30-декабрда Босния прокуратурасы Додиктин 25-сентябрда өткөн референдум боюнча суракка келүүгө макул болгонун билдирди. Мында сүйлөшүүгө АКШ расмий өкүлдөрү катышкан.

Босниялык сербдер быйыл 25-сентябрда референдум өткөрүп, анда 9-январды Серб Республикасы күнү деп жарыялоону колдошту. 1992-жылы 9-январда “Босния жана Герцеговинадагы сербдердин республикасын жарыялоо декларациясы” кабыл алынган.

Босния мусулмандары жана хорваттар бул документти Конституцияга каршы жана адамды басмырлоочу чечим катары сыпаттап келишет. Босния жана Герцеговина Конституциялык соту бул маселе боюнча референдум өткөрүүгө тыюу салган, бирок Серб өкмөтү ага баш ийген эмес.

Мурунку Югославияда 1992-жылы башталып, 1995-жылы аяктаган улуттар аралык согуштан кийин чакан Серб Республикасы Босния жана Герцеговинанын курамына кирген.

XS
SM
MD
LG