Сүлүктү шаарындагы көмүр шахталардын бири урап, бир адамды басып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, каза болгон адам 53 жаштагы Лейлек районунун Миң-Жыгач айылынын тургуну болгон. Анын сөөгү шахтадан чыгарылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.(BkA)