Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Багдадда жардыруудан 21 адам мерт болду


Ирактын борборундагы жардыруудан 21 адам мерт болуп, ондогону жараат алды. Жардыруу Багдаддын борборундагы базарда орун алган. Анда эки бомба жарылып, анын бирин жанкечти өзүн жардырып, экинчиси мурда орнотулган деп Ирак полициясы маалымат таратты.

Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Бирок “Ислам мамлекети” террорчу тобу акыркы учурда Багдадда жардырууларды уюштуруп келатат.

Бул террорчул топ Ирактын түндүк жана батышындагы ээлеп келген бир нече аймакты алдырды.

Ирак армиясы АКШ баштаган коалициянын көмөгү менен террорулардын акыркы таянычы Мосул шаарына аскердик операциясын жүргүзүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG