Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Президент коррупцияга байланыштуу мыйзамды артка кайтарды


Иллюстрация
Иллюстрация

Президент Алмазбек Атамбаев коррупция боюнча маалымат берген адамды коргоо алуу боюнча мыйзамды артка кайтарды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, президент бул демилгенин маанилүү экенин эске алып, бирок бир катар карама-каршылыктарга көңүл бурган.

Буга байланыштуу Атамбаев бул кемчиликтерди оңдоо зарыл экенин белгилеген.

Атап айтканда, мыйзам боюнча мамлекеттик кызматта иштегендер гана коргоого алынып, башка жарандарга каралбай калган. Президент мындай жобо бардык жарандар мыйзам жана сот алдында бирдей укукка ээ деген принципке каршы келерин белгилеген.

Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алган. Ал коррупция тууралуу мамлекеттик органдарга кабарлаган адамды коргоого алуу максатын көздөйт.(BkA)

XS
SM
MD
LG