Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:56

АКШнын электр системасына хакердик чабуул аракети болгону кабарланды


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШнын Вермонт штатын электр энергиясы менен камсыз кылчу системасына белгисиз хакерлердин чабуул жасаганы дайын болду. Бул тууралуу америкалык басылмалар расмийлерге шилтеме берип жазышты.

Маалыматка ылайык, системада орусиялык хакерлер колдонот делген код табылды. Хакерлер ал кодду киргизип, бирок системаны бузуу үчүн колдонушкан эмес.

Кийинчерээк системаны иштеткен Burlington Electric Department компаниясы хакердик чабуул аракети болгонун ырастады.

Компания тараткан билдирүүдө код ноутбуктардын биринен табылган. Ички коопсуздук министрлиги Grizzly Steppe деп атаган кодду буга чейин орусиялык хакерлери колдонгону белгилүү болгон.

Бул окуядан соң америкалык тиешелүү органдар окуяны иликтөөгө алышты. Алар бул АКШнын электр түйүндөрүн бузууга болобу деп сынаган аракет болушу мүмкүн деп болжолдошууда. Мындан бир жыл мурун Украина Орусияны электр түйүндөрүнө хакердик чабуул жасаганы үчүн айыптап чыккан. Анда өлкөнүн бир катар аймактары жарыксыз калган эле. Орусия бул айыптарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG