Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:10

1-январдын аба ырайы


Аба ырайы:

1-январда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -9…-14;

Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;

Баткен облусунда түнкүсүн -4…1, күндүз 3…8;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6 градус жылуу;

Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 суук.

31-декабрда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаабайт. Күндүз туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -4…-6 градус суук, күндүз 3…5 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG