Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Атамбаев: Өткөн жыл өлкөнү өзгөрткөн жыл болду


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Мамлекет башчынын куттуктоосунда узаган 2016-жыл өлкөнү өзгөрткөн, бурулуш жыл болду деп айтылат.

Кыргызстан эгемендигинин 25 жылдыгын белгилеп, тарыхтын чоң бир ашуусун ашканын президент билдирди.

Ошондой эле Атамбаев Тарых жана маданият жылы болуп жарыяланган жылда элдин руху ойгонгонуна көңүл бурду.

“Бул жылы байыркы көчмөн бабаларыбыздын унутта калып келген оюндары менен таймаштарын, көчмөндөрдүн рухун, маданиятын бүт дүйнөгө даңазаладык. Кыргыз жергесинде жаңы өмүрү жаралган көчмөндөр оюндарын Бириккен Улуттар Уюмунун Генералдык ассамблеясы да бийик баалады”-деди Атамбаев.

Ошондой эле кыргыз көчү түзөлдү деген президент жаңы жылда жарандарды пейилди тазартууга, бири-бирине, өлкөгө күйүмдүү болууга чакырды.

Кыргызстанда Жаңы жыл майрамы белгиленди. Бишкектеги “Ала Тоо” аянтында майрымдык иш-чаралар уюштурулуп, салют атылды.

XS
SM
MD
LG