Линктер

жума, 20-июль, 2018 Бишкек убактысы 18:40

Ирактын борбору Багдаддагы 31-декабрдагы жардыруулар үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети” террордук тобу өзүнө алды. Террорчулар жардыруу шииттерге каршы багытталганын жарыялады.

Ишембиде Багдадда үч жардыруу орун алып, андан 29 адам мерт кеткен. Ондогондору жараат алды. Анда эки бомбаны шаардагы эл көп жүргөн базарда жанкечти жардырса, үчүнчү жардыруу Багдаддын чыгыш жагында болду.

Былтыр октябрь айында Ирактын өкмөттүк аскерлери күрт коргонуу күчтөрүнүн катышуусунда жана АКШ баштаган коалициянын көмөгү менен террорчулар ээлеп турган Мосул шаарын бошотуу боюнча операция баштаган.

Ага чейин “Ислам мамлекети” ээлеп турган бир нече аймак террорчулардан тазаланган. Мосул террорчулардын Ирактагы акыркы таянычы катары эсептелет.

XS
SM
MD
LG