Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Орусиядагы мигранттар медициналык камсыздандыруу укугуна ээ болушту

Бүгүнтөн баштап Орусиядагы эмгек мигранттары милдеттүү медициналык камсыздандыруудан пайдалана алышат. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2017-жылдын 1-январынан тарта Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн жарандары орусиялыктар менен тең укукта медициналык камсыздандыруудан пайдаланууга укуктуу.

Бул жобо Евразия экономикалык биримдиги тууралуу келишимде каралган. Бирок ал аткарылбай, Кыргызстан, Казакстан, Армения жана Беларустан келген жарандар Орусиянын милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасынан пайдаланбай келишкен.

Евразия экономикалык комиссиясынын кийлигишүүсү менен былтыр октябрь айында бул маселе оң жагына чечилгенин кыргыз элчилиги белгилеген.

Расмий маалымат боюнча, Орусияда 500 миңден ашык кыргызстандык эмгектенет. Бирок иш жүзүндө эмгектен мигранттарынын саны миллионго жакын экени айтылып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG