Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:53

Грек элчисинин өлүмүнө шектүү катары Бразилиянын полиция кызматкери кармалды


Грециянын Бразилиядагы элчиси Кириакос Амиридистин өлүмү үчүн полиция кызматкери кармалды. Ал элчинин жубайынын көңүлдөшү болгон. Полиция кызматкери дипломатты Рио-де-Жанейродо бычак сайып өлтүргөн. Андан соң Амиридистин сөөгүн кылмышка шектүү полициячы, анын тууганы жана элчинин аялы болуп жашырууга аракет кылышкан. Учурда бул үч адам тең камакка алынды.

Бразилиянын полициясы өрттөнгөн унаанын ичинен адамдын сөөгү табылганын жарыялаган. Ага чейин Грециянын Бразилиядагы элчисинин аялы жолдошунун дайынсыз кеткенин айтып чыккан. Анда дипломат ижарага автоунаа алып чыккан бойдон дайынсыз экени кабарланган.

59 жаштагы Кириакос Амиридис элчилик кызматка 2016-жылдын башында дайындалган.

XS
SM
MD
LG