Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:19

Кара-Кече кенин иштетүүгө кеңеш берчү компанияга сынак жарыяланды


Кара-Кече көмүр кени
Кара-Кече көмүр кени

Кара-кече жана Миң-Куш кендерин комплекстүү иштетүү долбоорун ишке ашырууга кеңеш берчү консалтингдик компанияга сынак жарыяланды. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, өкмөт аталган кендерди иштетүү боюнча эл аралык конкурс өткөрүүгө даярданууда.

“Бул долбор өлкөдөгү эң ири инфраструктуралык долбоор болуп саналат. Ошондуктан конкурсту ийгиликтүү өткөрүү үчүн консалтингдик компания өкмөткө техникалык, юридикалык жана эксперттик кызмат көрсөтүүcү зарыл”-деп айтылат комитеттин маалыматында.

Тандалган компания кендерди иштетүү боюнча конкурстун шарттарын, тартибин, инвестициялык келишимди иштеп чыгышы керек жана инвестор табууга көмөктөшөт.

Кара-кече көмүр кенин комплекстүү иштетүү боюнча өкмөт былтыр эле сынак жарыялаган. Анда Балыкчыдан Кара-кечеге чейин темир жол салуу, кендин жанына жылуулук электр станциясын куруу жана толук иштетүү каралган. Бирок ал сынакка катышууну каалаган инвестор чыккан эмес.(BkA)

XS
SM
MD
LG