Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Камактагы иран диссидентинин абалы начарлаганы кабарланды


Араш Садеки жубайы Голрок Эбрахими Ирае менен.
Араш Садеки жубайы Голрок Эбрахими Ирае менен.

Камактагы ирандык диссиндент Араш Садекинин абалы абдан начарлады. Бул тууралуу Иран парламентинин мүчөсү Элиас Хазрати айтып чыкты. Ал өлкө Жогорку Сотуна жазган катында абакта 70 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Садекинин абалы кескин начарлаганын билдирген.

Хазрати эгер Араш Садекинин өмүрүнө коркунуч туулса, анын Иран үчүн олуттуу саясий кесепети болорун эскертүүдө.

Садеки жубайы, жазуучу Голрок Эбрахими Ираеге карата жасалган куугунтукка нааразы болуп ачкачылык баштаган.

Ирае өткөн жылдын 24-октябрында камакка алынган эле. Ал “ислам ыйыктарын мазактады” деп айыпталып, алты жылга соттолгон.

Буга Ираенын Куранды өрттөгөнү үчүн деп таш бараңга алынган адамдын тагдырын баяндаган аңгемеси себеп болгон.

Amnesty International жазуучуга карата сот чечимин “адилетсиз” деп атаган.

Депутат Хазрати баштаган реформачыл топтор бул түгөйлөргө карата куугунтукту токтотууго чакырып келишет.

Араш Садеки болсо “өлкө коопсуздугуна коркунуч келтирген маалымат тараткан” деген кине менен 19 жылга эркинен ажыратылган.

XS
SM
MD
LG