Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Стамбулдагы кол салуудан жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок


Жаңы жыл түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салуудан 39 адам каза болду.
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салуудан 39 адам каза болду.

Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунан “Азаттыкка” кабарлашты. Маалыматка ылайык, консулдук каза болгон жана жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок экенин Түркиянын тиешелүү органдары менен биргеликте тактаган.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна кол салуудан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алды. Каза болгондордун он алтысы чет өлкөлүк жарандар болгон. Жараат алгандардан төртөөнүн абалы оор. Кол салган адам кармала элек.(EIB/BkA)

XS
SM
MD
LG