Конгресстин үч мүчөсү Грузияга сапары учурунда Орусия жана анын президенти Владимир Путинге каршы санкцияларды күчөтүү үчүн Конгрессте аракет жасашарын билдиришти. 1-январда Тбилисиге келген сенатор Линдси Грэхем “биз 2017-жылды чабуул жылына айлантып, Путинди артка сүрөбүз деп үмүттөнөбүз” деди. Грэхем менен кошо Грузияга сенатор Жон Маккейн жана Эми Клобукер келди. “Биз коллегаларыбызды Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизүүгө үндөйбүз, анткени алар хакерлик кылды” деген Маккейн аны далилдер көрсөтүп турат деп кошумчалады.
АКШ сенаторлору Хурвалети жергесине барышты. Ал 2008-жылдагы беш күндүк согуштан кийин Орусиянын көзөмөлүнө өткөн Түштүк Осетияга жакын жер. “Азыр татаал жана көйгөлүү мезгил” деген Маккейн, “биз Грузиянын толук көз карандысыздыгын камсыздоо, аймактык бүтүндүгүн калыбына келтирүү үчүн бардык колдоолорду көрсөтөбүз” деп кошумчалаган.
АКШ сенаторлору 2-январда Грузия жетекчилиги менен жолугушмакчы. (AiT)