Жаңы баш катчы Антонио Гутерреш 2017-жылы “биринчи орунга тынчтыкты” коюуну кааларын билдирди. 1-январдан тарта Пан Ги Мундун ордуна келген Гутерреш Сирия, Түштүк Судан, Йемен жана Бурунди сыяктуу өлкөлөрдө согуштун туткунунда калган адамдардын маселесин чечүү боюнча иш алып барарын айтты.
“Конфликтердин кучагында калган, согуш азап-тозогун тартып жаткан миллиондогон адамдарга биз кантип жардам бере алабыз?” деген суроону койду баш катчы Гутерреш. “Бул согуштарда жеңген эч ким жок, баары жоготууда” деген 67 жаштагы Гутерреш буга чейин Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссары болуп келген. Португалиянын өкмөт башчысы да болгон Гутерреш 2017-жылы жалпы дүйнө “тынчтыкты биринчи орунга коюшун” каалай турганын айтты. (AiT)