Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Стамбулда түнкү клубга кол салган адам изделүүдө


Стамбулдагы кол салуу. 1-январь, 2017-жыл.
Стамбулдагы кол салуу. 1-январь, 2017-жыл.

Түрк бийлигинин маалыматына караганда, 39 адамдын өмүрүн алып, 69 киши жарадар болгон кол салууга шектүүнү кармоо боюнча атайын операция уланууда. Каза тапкандардын 24ү чет элдик жарандар. Жаракат алгандардын төртөөнүн абалы оор. ТАСС агенттиги Стамбулдагы орус консулдугундагы булакка таянуу менен маркумдардын бири орусиялык айым экенин жазып чыкты. Алгач анын Азербайжан жараны экени айтылып жаткан. Курмандыктардын арасында Сауд Арабиянын кеминде бир атуулу, үч иорданиялык, үч ирактык, үч ливандык, тунистик, ливиялык, араб тектүү израилдик бир жаран, эки индус, ошондой эле Франция, Тунис, Бельгия, Түркиянын жарандары бар.

1-январга караган түнү Стамбулдун Reina түнкү клубуна кол салган адам алгач кире бериштеги полиция кызматкерин өлтүрүп, андан соң ал жерде жаңы жылды тосуп аткандарга ок ачкан. Окуя учурунда клубда 500-700 адам болгону, айрымдары Босфор кысыгына секирип кеткени кабарланууда. Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу каза болгон жана жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок экенин маалымдады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG