Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жаңы жылдык куттуктоосунда билдирди. Премьер мындай өсүшкө негизги өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай ээ болгонун белгиледи.
Жээнбеков ошондой эле токсондон ашык социалык обьекттер пайдаланууга берилгениин жана өлкө боюнча 225 чакырым жол оңдолгонун кошумчалады.
Былтыр ички дүң продукциянын өсүшү 5,2 пайыз болот деген план коюлган. Бирок мурдагы премьер-министр Темир Сариев кызматтан кеткен соң бюджетке өзгөртүү киргизилип, көрсөткүчтөр төмөндөтүлгөн.
Ал эми өлкөдө 80 мектептин курулушу бүткөрүлөрү пландалып, 2016-жылдын ноябрь айында анын 29у гана пайдаланууга берилгенин жана жаңы жылга чейин 51ин бүткөрүү пландалып жатканын Курулуш жана архитектура агенттиги билдирген эле.(BkA)