Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:16

Кореядагы коррупция жаңжалына шектелген адам Данияда кармалды


Түштүк Кореянын президентине каршы нааразылык акциясы, 10-декабрь, 2016-жыл.
Түштүк Кореянын президентине каршы нааразылык акциясы, 10-декабрь, 2016-жыл.

Даниянын полициясы Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хенин коррупциялык жаңжалга шектелген курбусунун кызын камакка алды.

Президенттин курбусу Чхве Сун Силдин кызы Чон Йу Ра Даниянын Ольборг шаарында мыйзамсыз жүргөнү үчүн камакка алынганын Түштүк Кореянын полициясы тастыктады. Ага Кореяда бир нече беренелер боюнча айып коюлуп, издөө жарыяланган болчу.

Өткөн айда Түштүк Кореянын парламенти президент Пак Кын Хеге импичмент жарыялаган. Буга анын курбусу Чхве Сун Силдин ири компанияларды опузалап, акча алганы себеп болгон. Эми президентти кызматтан кетирүү маселесин өлкөнүн Конституциялык соту чечиши керек.

XS
SM
MD
LG