Пакистандын түштүк-батышында полиомиелитке каршы беш күндүк өнөктүк башталды. Адамдын шал болуусуна алып келген вирустун тамырын кыркууну көздөгөн бул өнөктүктүн алкагында Белужистан провинциясында беш жашка чейинки 400 миң бала эмдөөдөн өтөт.
Расмийлер тургундарды, диний аалымдарды жана жергиликтүү кеңештин лидерлерин бул өнөктүктү колдоого чакырды.
Пакистан шал оорусу катталган өлкөлөрдүн тизмесинен 2018-жылга чейин толугу менен чыгууну көздөп жатат.
Буга чейин Пакистанда эмдөө ишине тартылган дарыгерлер бутага алынган учурлар катталган. Согушкерлер эмдөөгө каршы чыгышып, аны Батыштын тыңчыларынын балдарды стерилизациялоо аракети деп мүнөздөшкөн.