Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Сириялык козголоңчулар тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөргө катышпайт


Сирия.
Сирия.

Мындай билдирүүнү онго чукул байистүү козголоңчу топтун өкүлдөрү 2-январда жасашты. Алар Башар Асаддын күчтөрүн ок атышууну токтотуу режимин бузду деп айыптап, Казакстанда өтө турган конференцияга барбай тургандыктарын билдиришти.

Козголоңчу топтор тараткан маалыматта тынчтык келишиминин шарттарын өздөрү катуу кармап жатканы, бирок өкмөттүк күчтөр ирандык өнөктөштөрдүн жардамы менен Дамаскинин четиндеги аймактарда режимди көп жолу бузганы айтылат. Эгер Асаддын күчтөрү жараянды козголоңчулар ээлик кылган аймактарды алуу үчүн колдонсо тынчтык келишиминен чыгарын эскертишкен.

Сүйлөшүүлөр ушул айда Астанада башталууга тийиш эле. Сирияда ок атышпоо тууралуу келишим 30-декабрга караган түнү күчүнө кирген. 31-декабрда БУУнун Коопсуздук кеңеши Орусия түзгөн Сириядагы тынчтык жараянын колдоо тууралуу резолюцияны бир добуштан кубаттап, Дамаск менен оппозициянын сүйлөшүүлөрү башталган.

XS
SM
MD
LG