“Ош-Даткайым”, "Таза шаар - таза дөөлөт”, “Кыргыз чоролору” коомдук бирикмелери, “Таза коом”, “Улут Ордо” партиялары, “Элдик курултай” кыймылы баштаган 17 уюмдун өкүлдөрү паспорттон улутту алып салуу сунушун токтотуу талабы менен чыгышты. Бул тууралуу “Элдик курултай” кыймылынын өкүлү Кадыр Кошалиев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, паспортко жарандын улуту менен жеке өзүнө тиешелүү маалыматтарды жазбай коюш туура эмес. Улуту жазылбаган паспорт бара-бара элдин тегин унутууга алып барат деген жүйө менен жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, архитекторлор бирликтерине, Мамлекеттик тил комиссиясына, Жогорку Кеңеш депутаттарына кат жолдонду.
Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы паспорттун жаңы үлгүсүн иштеп чыгып, анын негизги долбоорун сунуштаган. Андагы жарандын улутун жазбоо демилгеси коомчулукта чоң талкууга алынган. (NT)