Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Өлкө боюнча тогуз өрт кырсыгы катталды


Өткөн түнү Кыргызстандын аймагында тогуз өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

"Тилсиз жоо" көбүнесе Ош, Чүй жана Баткен облустарында катталган. Адам өмүрүнө зыян келтирилген жок. Алсак, Аламүдүн районундагы Константиновка айылында жашаган адамдын үйүнүн чатырынан өрт чыгып, сарайындагы 600 түк чөбү өрттөнүп кеткен. Ошондой эле Өзгөн районундагы Мырзаке айылында турак үйлөрдүн бири өрттөнүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт коопcуздук эрежелерин сактоого чакырууда.(BkA)

XS
SM
MD
LG