Бишкекте жана Чүй облусунда өткөн түнү шамалдын ылдамдыгы секундасына 16 метрге жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шамал өткөн түнү саат 02:40тан 04:05га чейин катталган. Шамалдан жабыркагандар тууралуу маалымат түшө элек.