Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Балдар укугунун бузулушу боюнча 65 кызмат адамы жоопкерчиликке тартылды


Былтыр үй-бүлө жана балдардын укугун коргоо жаатында 117 мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 62 жооптуу адам дисциплинардык жоопкерчиликке тартылган. Бир кылмыш иш козголуп, беш арыз сотко өткөрүлдү.

Балдардын укуктарын коргоо жаатында мыйзамдарды аткаруу үчүн Башкы прокуратура жарандык коом менен кызматташтыкты күчөтүп жатканын кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, былтыркы жылдын тогуз айында өспүрүмдөргө карата зордук- зомбулук боюнча 579 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 65 бала сексуалдык зомбулукка кабылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG