Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Июнь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:30

Шаардык кеңеште азчылык коалиция түзүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө

Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешиндеги оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Таалайбек Сариев билдирди. Анын айтуусунда, учурда “Мекеним Кыргызстан” фракциясы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакында оппозициячыл коалиция түзүү боюнча бир чечим кабыл алынмакчы.

Жергиликтүү кеңешке шайлоо 11-декабрда өтүп, Бишкек шаардык кеңешке беш фракция жеңишке жетишкен. Алардын ичинен КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары көпчүлүк коалиция түзгөн. Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” оппозицияда калган.(BkA)

XS
SM
MD
LG