1-январдан тарта Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын бюджети тууралуу мыйзам күчүнө кирди. Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзамга 23-декабрда президент Алмазбек Атамбаев кол койгон эле.
2017-жылдагы бюджеттин киреше бөлүгү 126,8 миллиард сом, чыгашасы 150,1 миллиард сом болуп аныкталган. Бюджеттеги тартыштыктын жогорку чеги 23,3 миллиард сомдон ашпасын деп аныкталган.(BkA)