Германия бийликтери декабрь айында Берлинде болгон терактты уюштуруу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунан каражат сураган деген шек менен сириялык качкынды камакка алды.
Өлкөнүн түштүк-батышындагы Саарбрюккен шаарында 2016-жылдын 31-декабрында 38 жаштагы сириялык бозгун кармалган. Ал уюлдук телефон аркылуу Сириядагы таанышынан жүк ташуучу унаа жана жардыруучу заттарды сатып алуу үчүн 180 миң евро сураганы маалым болгон.
Прокурор Кристоф Ребмандын айтымында, шектүү Германияга Сириянын Ракка шаарынан эки жыл мурда келип, качкын макамын алган.
Шектүү “Ислам мамлекети” террордук тобу менен байланышканын жана акча сураганын моюнга алган. Бирок ал сураган каражатты теракт уюштуруу үчүн эмес, Сириядагы үй-бүлөсүнө жардам көрсөтүү үчүн сураганын айткан.
Ал эми терактты жасаган адам, 19-декабрда Берлиндеги жармаңкеге жүк ташуучу унаа менен чабуул койду деп шектелген Анис Амри 23-декабрда Италиянын Милан шаарынын түндүгүндө жок кылынган.
Берлиндеги кол салууда 12 адам мерт кетип, 50гө чукул адам жабыркаган.