Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:00

Тегеран тендерге катышчу компаниялардын тизмесин жарыялады


Ирандык Улуттук мунай компаниясы жакында кен иштетүү боюнча тендер жарыялайт.

Иран бийликтери өлкөдөгү мунай жана газ кендерин иштетүү боюнча тендерлерге катышууга мүмкүнчүлүк алган 29 чет өлкөлүк компаниянын тизмесин жарыялады.

3-январда өлкөнүн Мунай министрлиги тараткан билдирүүгө ылайык, Ирандык Улуттук мунай компаниясы жакынкы арада кен иштетүү жана чалгындоо боюнча тендер жарыялайт.

Өкмөт жактырган тизмеде Британия менен Нидерланддардын биргелешкен Shell компаниясы, Италиянын Eni, Франциянын Total, Орусиянын Газпром жана Лукойл, Жапониянын Mitsubishi Corporation менен Japan Petroleum Exploration, Түштүк Кореянын Korea Gas Corporation жана Posco Daewoo компаниялары бар.

Буга чейин жергиликтүү жана эл аралык компаниялар ортосунда бир катар алдын ала келишимдерге кол коюлган.

Француздардын Total компаниясы менен Тегерандын ортосунда ноябрь айында Түштүк Парс газ кенин иштетүү боюнча 4,8 миллиард долларлык алдын ала келишимге кол коюлган.

Ал эми декабрда Тегеран менен Орусиянын Газпром компаниясы эки ири мунай кенин иштетүү боюнча алдын-ала келишимге кол коюшкан.

XS
SM
MD
LG