Казанда ушул айда өтө турган сноуборд боюнча эки дүйнөлүк мелдеш “каржы маселелерине” байланыштуу болбой калды. Мындай билдирүүнү 2-январда Лыжа спорту боюнча эл аралык федерация таратты.
Билдирүүдө Татарстандын баш калаасында 24-26 январга белгиленген сноуборд-кросс жана слалом боюнча дүйнөлүк биринчиликтер өтпөй турганы маалымдалат.
Уюмдун өкүлдөрү июл айында Казанга келишип, өзүн “Орусиянын спорт борбору” деп атаган шаардагы даярдыкты көрүп таң калганын айтышкан.
Орусия буга чейин 2017-жылдын февраль айында Сочиде өтө турган бобслей боюнча чемпиондукту өткөрүү укугунан да ажыратылган. Мындай чечимди Эл аралык бобслей боюнча федерация допинг чуусуна байланыштуу жаңжалдан кийин кабыл алган.