Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:47

Түркия Сирия менен чек аралаш аймактагы аскерий операциясын улантат


Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш.
Түркиянын вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш.

Түркия Сириядагы аскерий операциясын токтотпойт, “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жана күрт радикалдарынын болжолдуу уюктарына сокку урууну уланта берет.

“Террордук топтор биздин өлкөгө коркунуч жаратпай калмайынча биз эки өлкөнүн чек аралаш аймактарындагы аскерий операциябызды улантабыз”-деди Түркиянын премьер-министринин орун басары Нуман Куртулмуш 2-январда жасаган билдирүүсүндө.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” клубунда 39 адамдын өмүрүн алган чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террордук тобу өз мойнуна алган.

Түркия “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жана күрт жоочуларын чек арага жакындатпоо үчүн төрт ай мурда “Ефрат калканы” аталган аскердик операциясын баштаган.

XS
SM
MD
LG