Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 06:03

Стамбулдагы консулдук түрк агенттиктеринен Машрапов жөнүндөгү маалыматты төгүндөөнү талап кылат


Түнкү клубдагы кол салууда 39 адам набыт болгон.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу бир катар түркиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынан “Рейна” түнкү клубундагы кол салууга кыргыз жараны Яхъё Машраповдун тиешеси болгон деген маалыматтарын төгүнгө чыгарууну талап кылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” консулдуктан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, консулдуктун кызматкерлери TRT World каналы, «Йени Шафак», «Хүрриет” агенттиктери менен байланышып, кыргыз жараны Машрапов тууралуу маалыматты төгүнгө чыгаруу жана аталган адамдан кечирип суроону сунушташкан.

Түрк маалымат каражаттары Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга шектүү Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнү тууралуу маалымат жарыялашкан эле. Мындан соң УКМК бул маалыматты териштирип, Машраповдун Кыргызстанда экени дайын болгон. Яхъё Машрапов өзү да терактка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.(EIB/BkA)

Пикирлерди көрүңүз (4)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG