Түрк бийлиги “Рейна” түнкү клубундагы кол салууну кыргыз жараны уюштурду деген жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан кабарларга көңүл бурбоого чакырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов билдирди.
- Бүгүн Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым парламенттеги билдирүүсүндө жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ар кандай чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратпоого чакырды. Биз Түркиянын Тышкы иштер министрлигине эки жолу кайрылып, толук маалымат берүүнү өтүндүк. Бирок аларда да маалымат жок. Эмне себептен Кыргызстандын жаранына байланышкан кабар чыгып атканын сурасак, "бул журналисттердин жазганы" деген жооп алдык. Алар расмий маалымат болмоюнча эч нерсе айта албайбыз дешти.
Жунусов түрк журналисттери кол салууга шектүү деп алгач казак жигиттин сүрөтүн чыгарышса, кийин кыргыз экен деген маалыматтарды таратканын, эми болсо тажик, түркмөн, өзбек улутундагы адам болушу мүмкүн деген кабарларды берип жатышканын кошумчалады.
Түрк маалымат каражаттары Стамбулдагы түнкү клубда болгон кол салууга шектүү адам Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнүн, аты-жөнү Яхъё Машрапов экенин жазып чыгышкан. Ал паспорттун ээси кыргызстандык Яхъё Машрапов террордук чабуулга эч кандай тиешеси жоктугун, окуя болгон учурда Кыргызстанда болгондугун айтып чыкты. (ElB)