Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:58

Абактагы ирандык активист эки айдан бери кармаган ачкачылыгын токтотту


Ирандагы оппозициялык активист Араш Садеги жана жубайы Голрох Эбрахими.
Ирандагы оппозициялык активист Араш Садеги жана жубайы Голрох Эбрахими.

Иранда абакта жаткан активист бийлик жубайын камактан чыгарган соң ачкачылыгын токтотту.

Араш Садеги анын жубайы Голрох Эбрахиминин камакка алынышына каршылыгын билдирип, 24-октябрда тамак-аштан баш тарткан.

Жазуучу жана укук коргоочу Эбрахими “Азаттыктын” Иран кызматына 3-январда курган маегинде абактан убактылуу күрөө менен бошотулганын айтты. Ал ошондой эле күйөөсүнө жолукканын, Араштын абалы эки айлык ачкачылык кармоодон соң начарлап кеткенин кошумчалады.

Эбрахими октябрь айында Иранда ташбараңга алуу жөрөлгөсү тууралуу жазылган, бирок эч жерде жарыяланбаган макаласы үчүн камакка алынган.

Кийинчерээк сотто ага “Исламга шек келтирди” деген кошумча айып коюлган. Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Эбрахиминин камакка алынышын кескин сынга алган.

2-январда ондогон ирандыктар Тегерандагы Эвин түрмөсүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөрүп, түгөйлөрдүн бошотулушун талап кылышкан.

Ошондой эле социалдык тармактарда да Араштын тарапкерлери он-лайн акцияларды өткөрүштү. Өткөн жума күнү Твиттерде #SaveArash же болбосо “Арашты куткаргыла” хештегин жарым миллиондой адам колдонуп өз билдирүүлөрүн жазышты.

Араш Садеги учурда Эвин түрмөсүндө 15 жылдык жазасын өтөп жатат. Ал “мамлекеттик түзүмгө каршы пропаганда жүргүзгөн”, “улуттук коопсуздукка кедергисин тийгизе турган жыйналыштарды өткөрүп келген” жана "Иран Ислам республикасынын негиздөөчүсү Аятолла Али Хаменеинин беделине шек келтирген" деп айыпталган.

XS
SM
MD
LG