Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:12

Стамбулда борбор азиялыктарды текшерүү күчөдү


Түркия.
Түркия.

Стамбулдун борбор азиялыктар көп жашаган Зейтинбурну, Аксарай аймактарында полиция катуу текшерүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу Түркияда жашаган бир катар кыргыздар "Азаттык" радиосуна билдиришти. Маалыматка караганда, өзгөчө Зейтинбурнуда азиялыктарга түспөлдөш адамдар катуу текшерилип жатат. Бул аймакта жашагандардын басымдуу бөлүгү этникалык кыргыз, казак жана өзбек улутундагылар.

Стамбулда жалпысынан 300дөй вандык этникалык кыргыздар жашаса, анын он чактысы Зейтинбурну районунда турат. Мындан тышкары бул жерде уйгурлар, оогандыктар, сириялыктар көп.

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы түнкү клубга кол салуудан кийин түрк маалымат каражаттары шектүү борбор азиялык деген кабар тараткан, аны расмий Анкара ырастай элек. (ElB/NT)

XS
SM
MD
LG