Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:00

Түркиядагы элчилик жалган кабар таратпоого чакырууда


Стамбулдагы түнкү клуб.
Стамбулдагы түнкү клуб.

Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги түрк маалымат булактары шектүү деп жазып, паспортунун сүрөтү интернетте тарап кеткен Яхъё Машраповдун укугунун бузулушу боюнча териштирүү баштады. Бул тууралуу элчи Ибрагим Жунусов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, азыр эки мамлекет ортосунда бул тууралуу сүйлөшүү жүрүп жатат.

- Кыргызстандын жаранын күнөөлөш үчүн түрк бийлиги расмий билдириши керек. Алар эч нерсе айта элек. Биз күн сайын кабарлашып атабыз. Ал эми буга чейинки кабарларды маалымат каражаттары таратууда. Биз болсо расмий аныкталмайынча эч нерсе айтпагыла деген өтүнүч менен аларга кайрылып жатабыз.

Буга чейин Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу 31-декабрдын түнү “Рейна” клубундагы кол салууга кыргыз жараны Машраповдун тиешеси болгон деген маалыматтарын төгүнгө чыгарууну TRT World каналы, «Йени Сафак», «Хүрриет” басылмаларынан талап кылган. Аларга Машраповдон кечирим суроону сунушташкан. Аталган маалымат каражаттары Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга шектүү Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнүн жарыялашкан эле. Мындан соң УКМК бул маалыматты териштирип, Машраповдун Кыргызстанда экени дайын болгон. Яхъё Машрапов өзү да терактка эч кандай тиешеси жоктугун айтып чыкты. (ElB/NT)

XS
SM
MD
LG