"Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулуп өтүп жаткан окууга Чүй облусунан 118, Баткен облусунан 134 имам катышып жатат. Аталган фонддун төрагасы Нуржигит Кадырбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, окуулар Ош жана Бишкек шаарларында өтүп жатат.
- Бул окуулар имамдардын интеллектуалдык потенциалын көтөрүү жана илим-билимин жакшыртуу долбоорунун алкагында өтүп жатат. ОшМУнун теология факультетинде Баткенден келген имамдар окуп жатат, аларга Ош облусунан 10 имам кошулган. Ал эми Бишкекте Чүй имамдары бир жумалык окууга келишти. Окуулардын өзгөчөлүгү биз имамдарга диний дарстан тышкары, светтик сабактарды дагы окутуп жатабыз.
Кыргызстандагы мечиттердин имамдары быйыл экинчи ирет окуудан өтүүнү баштады. Бул иш-чара өлкөнүн 2014-2020 жылдар аралыгында дин саясатын ишке ашыруу концепциясында камтылган. Чүй жана Баткен имамдарынын окуусу 8-январда аяктайт. (SDz)