Линктер

жума, 17-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:50

ӨКМ: селсаяк жылынам деп өрт чыгарды


Бишкек шаарынын Лумумба көчөсүндөгү 90-үйдүн жанындагы жылуулук өткөрүүчү кудукта селсаяк жылынуу үчүн таштандыны өрттөп, натыйжада өрт чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тараткан маалыматта өрттөн 20 чарчы метр таштанды күйгөн. Кудуктан чыккан түтүндөн улам жергиликтүү жашоочулар өрт өчүрүүчүлөрдү чакырып, жыйынтыгында куткаруучулар селсаякты кудуктан алып чыгышып, өрттү өчүрдү.

Жабыркаган адамды "Тез жардам" алып кетип, учурда анын абалы дурус экени кабарланды. (SDz)

XS
SM
MD
LG