Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:03

Кара-Кулжа: Терек-Чаты жолу ачылды


Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Терек-Чаты ички чарбалык жолу кар көчкүдөн тазаланды. ӨКМ кабарлагандай 1-январдан бери тазалоо иштерине 1 жүктөгүч жана бульдозер тартылып, учурда каттам жанданды.

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагына катуу жааган кардан 28-декабрда 3 жерден болжол менен 4800 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылып калган. Натыйжада Терек айылына баруучу Терек-Чаты ички чарбалык жолу буулуп калган. (SDz)

XS
SM
MD
LG