Линктер

дүйшөмбү, 11-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 11:52

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыровдун өлкөнүн коргонуу жөндөмүн арттыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматын укту.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жумакадыров террорчулукка жана диний экстремизмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндады.

Жолугушууда Атамбаев жана Жумакадыров укук коргоо органдарын реформалоонун жүрүшүн да талкуулашты. (SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG