Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:56

Бул тууралуу Машрапов “Азаттыкка” өзү кабарлап, кечээ кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак бергенин билдирди. Бул суракты Машрапов анын чет өлкөгө чыгып, башка жакка качып кетпөө үчүн көрүлгөн аракет деп санайт.

Машрапов ошондой эле түрк ММКлары тараткан маалыматтар чындыкка коошпосун билдирип, ал Стамбулда ижарага батир албагандыгын билдирип, үй-бүлөсү Кыргызстанда экенин кошумчалады.

- Балдарым, келинчегим менен эч жакка чыккан эмесмин. Өзүм Стамбулга байма-бай каттап турам, жылына кыркка чукул Стамбулга каттоо жасайм, анын бардыгы өз ишмердүүлүгүмө байланышкан. Түрк медиасынын маалыматтары менин ичимди күйгүздү, бирок алардын кечирим суроосун талап кылбайм, себеби мен саясатка аралашкым келбейт, – деди Яхъё Машрапов.

Буга чейин Түрк маалымат каражаттары Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга шектүү жаран Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнү тууралуу маалымат жарыялашкан эле. Мындан соң УКМК бул маалыматты териштирип, Машраповдун Кыргызстанда экени дайын болгон. Яхъё Машрапов өзү да терактка эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. (YI/SDz)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG