Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:52

Кыргызстанда эң арзан тамеки 40 сом болот


Чылым.
Чылым.

Өкмөт чылымдын төмөнкү баасын аныктаган токтом чыгарды. Ага ылайык кутудагы тамекинин төмөнкү баасы чекене соодада 40 сомдон сатыла баштайт.

Бул үчүн өкмөт чылымдын акциздик салыгын жогорулатып, казынага кошумча 200 миллион сом түшүрүүнү көздөөдө. Ошондой эле жарандар арасында чылымга суроо-талап кыскарат деп болжоодо.

Токтомго ылайык Мамлекеттик салык кызматы тамекинин баасын көзөмөлгө алат.

22-декабрда кол койгон токтом жарыяланган күндөн баштап 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG