7-январга чейин созулчу жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорундагы автоунаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, кар күрткүсү топтолот, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
5-январда Баткен, Ош, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -24…-29, күндүз -8…-13;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…+5;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -10…-15 суук.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4 - 9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -4…-6° суук, күндүз 0…+2 градус жылуу болмокчу.