Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Ассанж: Демократиялык партиянын имейлдери Орусиядан келген эмес


Жулиа Ассанж.
Жулиа Ассанж.

Викиликстин башчысы Жулиан Ассанж 3-январда Американын Фокс ньюс телеканалына берген маегинде хакерлик менен алынган Демократиялык партиянын электрондук каттары Викиликске Орусиядан келди дегенди дагы бир жолу четке какты.

2012-жылдан бери Лондондогу Эквадордун элчилигинде калууга аргасыз болгон Жулиа Ассанж Фокс ньюстун кабарчысы менен ошол жерде маектешкен. Бирок ал Викиликске Улуттук демократиялык комитет жана Хиллари Клинтондун шайлоо өнөктүгүнүн башчысы Жон Подестанын электрондук почтасынан хакерлик менен алынган маалыматтар кайдан келгенин айткан эмес.

Ал маалыматтарды Викиликс АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда жарыялаган жана алар Дональд Трамптын жеңишин камсыз кылууга салым кошкону айтылып келет. “Ал маалыматтардын булагы Орусиянын өкмөтү эмес. Мамлекеттик орган да эмес” дейт Ассанж. Хакерлик менен алынган маалыматтарды Викиликстин жарыялоосу Трамптын жеңишине таасир эттиби деген суроого Ассанж “ким билет, аны айтуу мүмкүн эмес” деп жооп берген. (AiT)

XS
SM
MD
LG